super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Сары-Булак айылына кыян түшүп, короого эккен эгиндерибизди алып кетти" дейт окурман (сүрөт)

 

Соңку жумада Кыргыз өлкөсүнүн айрым аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаап, кыян жүрдү.

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылы да табият кырсыгынан четте калган жок. Бул тууралуу аталган айылда жашаган тургун окуядан сүрөттөрдү жиберип, маалымат менен бөлүштү. Айтымында, алардын эккен эгиндерин кыян алып, короолору жараксыз абалга кептелген.

"Кара-Кочкор жана Сары-Булак айылдарына кыян түшүп, короолорубузду суу каптады. Жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан талаага эккен жүгөрү жана башка эгин-тегиндерибиз суу менен кошо сүрүлүп келген таш алдында калды. Мындан сырткары жүргөн сел бир эмес, бир нече мал сарайын кыйратып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай учурда кайсы жакты карайт түшүнүксүз!", - дейт окурман.

Маалыматка ылайык, адам өмүрүнө зыян келген учурлар катталган эмес.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күндөрү тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: