super.kg logo

11-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

 

Эртең, 11-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +22…+27;

Талас жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +21…+26;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23;

Нарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +25…+27 градус болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: