super.kg logo

Таласта кечээ дайынсыз болуп жоголгон өспүрүм аман-эсен табылды

 

Талас облусунда 15 жаштагы өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кечээ 9-май күнү болжол менен түнкү саат 02:00 чамасында Талас РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Көк-Ой айылынын тургуну 15 жаштагы баласы белгисиз себептер менен дайынсыз болуп жок болуп жатканын айтып кайрылган.

Билдирүү маалыматты эсепке алуу журналына катталып, анын негизинде РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана өздүк курамы ошол замат чыгып издөө жана иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Милиция кызматкерлери бир нече топторго бөлүнүп, кызматтык күч каражаттарды жумшоо менен айылдын ичин жана Талас токоюн толугу менен издөөгө алышкан.

Көп узабай, тактап айтканда, түнкү саат 06:30 чамасында өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өспүрүм аман-эсен табылып, ата-энесине тапшырылган.

Аталган факты боюнча текшерүү башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: