Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кыргыз президенти айдын аягында Москвага барат
Бүгүн, 10-майда Орусия тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров жана Орусия федерациясынын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен бири-бирин куттукташты. Орусия президенти ошондой эле кыргыз элин Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынышы жана күчүнө кириши менен куттуктады.
Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесинде жакында болуп өткөн жаңжалга байланыштуу кырдаал талкууланды. Владимир Путин кыргыз элине чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ушул жылдын май айынын аягында президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарын макулдашты. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат. Тараптар ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун алкагында, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушат.
Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде Орусия вакцинасын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү талкуулашат.

Россия биз үчүн өтө маанилүү өнөктөш. Кол үзбөш керек. Россияга өчөшүп, Турция, Араб өлкөлөрүнө барып чөгөлөп кереги жок. Россия бүткүл планетанын өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана келечегине чоң таасирин тийгизген өлкө. Бул эң маанилүү стратегиялык ресурстар жайгашкан дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири: ири жана билимдүү калк, алдыңкы технологиялар жана пайдалуу кендердин ири кендери, кол тийбеген экосистемалардын ресурстары бар эбегейсиз чоң аймак.
Биздин мамлекетти дарак деп кабыл алсак, анда чоң чоң тамырын Россия деп билиш керек. Себеби көп жылдардан бери жасалмабы же табигыйбы биз көз каранды экенибизди билишибиз керек.
Азыр көп нерсени Россиядан импорттойбуз. Бул ГСМ, газ, строй материал. Анан да мигранттарыбыз.