Улан Ниязбеков Баткенде талкаланган ИИМдин имараттарын кыдырып, тез арада калыбына келтирүү тапшырмаларын берди




Улан Ниязбеков Баткен облусундагы иш сапарында талкаланган ИИМдин имараттарын кыдырып, тез арада калыбына келтирүү тапшырмаларын берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-май күнү и чки иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорундагы айылдарды кыдырып, жергиликтүү тургундар жана ошол жакта кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери, ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары менен жолукту.
Алгач Баткен районунун Жаңы-Жер айылына барып, ал жерде жайгашкан аймактык милиция бөлүмчөсүндө милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Анда куралдуу кагылышуунун башталышына күбө болгон милиция кызматкери менен дагы баарлашты. Андан соң талкаланган Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын алдына жаңы имарат салуу боюнча долбоорду карап чыкты.
Министр Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасына дагы келип, ал жердеги өздүк курам менен жолугуп, аскерлердин күжүрмөн даярдыгы, тамак-ашы, жаткан жери, жабдыктары менен жеринен таанышты. Ал эми Баткен облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жана кошумча күч катары барган милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында өз ишмердүүлүгүн улантууда.
