Депутаттар Европарламенттин депутаты Норберт Нойзер парламенттер аралык кызматташтыктын келечегин талкуулашты
Бүгүн, 10-майда депутаттар Абдывахап Нурбаев, Карамат Орозова, Мээримбек Койчуманов, Равшанбек Рыспаев жана Айнура Осмонова Кыргыз мамлекетине расмий иш сапары менен келген Европарламенттин депутаты Норберт Нойзер менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жогорку Кеңештин депутаттары европалык кесиптешин жылуу тосуп алышып, Жогорку Кеңеш менен Европарламенттин ортосундагы мамилелерди активдештирүү маселесине кызыкдар экендиктерин белгилешти.
Жогорку Кеңештин Европарламент менен кызматташуу боюнча достук тобунун жетекчиси, Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев делегатка тынч адамдардын өлүмүнө алып келген Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр-чатак тууралуу маалымат берди.
“Тажикстан тарабынан куралсыз жарандарга карата оор аскердик техникаларды колдонуу менен жасалган согуштук агрессия көп сандагы курмандыктарга, анын ичинде 5 жаштагы баланын, 13 жаштагы кыздын өлүмүнө, ошондой эле көп кишилердин жабыр тартып, менчик жана мамлекеттик объектилердин кыйроосуна алып келди”, - деди Нурбаев.
Нойзерди Европарламенттин резолюция кабыл алуу же дүйнөлүк коомчулукка ачык билдирүү жасоо жолу менен Тажикстандын аракетине укуктук баа берүүсүнө көмөктөшүүгө чакырды.
Ал Кыргыз мамлекети Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө экендигин, өзүнүн ачыктыгы, тынчтыктын жана дипломатиянын тилине берилгендиги менен өзгөчөлөнүп тураарын, чек ара чыр-чатагынын жүрүшүндө биздин өлкөбүз эл аралык, эки тараптуу милдеттенмелерди толугу менен аткарып, кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салганын кошумчалады.
Өз кезегинде Европалык парламенттин депутаты Норберт Нойзер жылуу кабыл алышкандары үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирип, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуунун, чек ара чыр-чатактарын чечүүнүн узак мөөнөттүү жолдорун табуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан сырткары делегат Жогорку Кеңештин депутаттарынын өтүнүчүн Европарламентке жеткирүүгө убада кылды.
