super.kg logo

2020-жылы коммерциялык банктардын кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйдү

 

2020-жылы коммерциялык банктардын кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Кыргыз мамлекетинде жыл сайын 10-майда банк системасынын кызматкерлери өзүнүн кесиптик майрамын белгилешет.

Азыркы убакта республиканын банк системасында Улуттук банк жана 23 коммерциялык банк, алардын 16сы - чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен иш жүргүзөт. Республиканын региондорунда алардын 300дөн ашык филиалы иштейт. Банк сегментинде иштеген кызматкерлердин саны 16,5 миңден ашык адамды түзөт, ал эми банктардын кардарларынын эсептеринин саны - 4 миллиондон ашыкты түзөт. 2020-жылы финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү кызматкерлердин орточо эмгек акысы мурунку жылдын деңгээлинде сакталуу менен 38 миң сомду түздү.

2020-жылы коммерциялык банктардын кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйүп, 32 миллиард 600 миң сомду түздү, ал эми чыгымдары ушул эле мезгил ичинде 30 миллиард сом өлчөмүндө түзүлдү, бул 12,8 пайызга көп.

2020-жылдын жыйынтыктары боюнча, 22 банк пайда алышты, ал эми бир банк чыгым тартты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 2 миллиард 600 миң сом пайданы түздү, бул 2019-жылга караганда 20,3 пайызга аз.

2020-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын суммардык активдери бир жылдын ичинде дээрлик 17 пайызга көбөйүп, 288 миллиард 700 миң сомду түздү.

Коммерциялык банктардын ачык кредиттик портфели 2019-жылдагы анын көлөмүнө салыштырмалуу 10,5 пайызга көбөйдү жана 2020-жылдын аягына карата 162 миллиард 800 миң сомду түздү. Кредиттөөнүн негизги багыттары болуп соода чөйрөсү, айыл чарба, ипотека жана керектөө муктаждыктары саналды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.05.2021. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин баары карантинде кредит алдыда бул суткорлордон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: