super.kg logo

Республикалык ыкчам штабдын төрагасынын милдети Жылдыз Бакашовага жүктөлдү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөдөгү коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Улукбек Марипов маалымдагандай, өлкө аймагындагы коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын төрагасынын милдети министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашовага жүктөлөт. Министрлер кабинетинин тийиштүү чечиминин долбоорун даярдоо тапшырылды.

Кеңешменин алкагында саламаттыкты сактоо уюмдарын дары-дармек каражаттары жана зарыл жабдуулар менен камсыздоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы калкты коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо темпин күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Биз коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны жогорулап жаткандыгын байкоодобуз. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жагымсыз абал орун алууда. Тилекке каршы, күн сайын жарандарыбызды жоготуудабыз. Коронавирус инфекциясынын пандемиясы коомдун ар бир мүчөсүнөн аң-сезимдүүлүктү жана жөнөкөй санитардык эрежелерди сактоонун маанисин түшүнүү менен кабыл алууну талап кылууда. Учурда республика боюнча калкты вакцинациялоо жүрүүдө. Бул маанилүү багытты күчтөндүрүү зарыл. Өлкөдө вакцинациялоо темпин тездетүү керек", - деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин төрагасы тармактык мамлекеттик органдардын республикага коронавирус инфекциясынан вакциналарды мындан ары карай жеткирүү боюнча маселелерди сапаттуу жана ыкчам иштеп чыгууну улантуусу маанилүү экендигин белгиледи жана бул багытта тийиштүү тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: