Ысырап жана шаан-шөкөт иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Ысырап жана шаан-шөкөт иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Улугбек Ормонов.
"Айрым жарандар ысырап жана шаан-шөкөт иш-чараларын өткөрүү үчүн жана өткөргөндөн кийин каражаттарды карызга алып, төлөп бериш үчүн республиканын аймагынан тышкары акча иштеп табууга кетип жатышат. Айрымдар мындай иш-чараларды кошуналар жана туугандар тарабынан сындоолордон, жалпысынан коомдун кысымынан качуунун бирден бир мүмкүнчүлүгү катарында кабыл алууда.
Муну менен катар акыркы убакта COVID-19 инфекциясынын пандемиясы күч алып жатат. Вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 100 миң адамга жетти", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
Мыйзам долбооруна ылайык, бүгүнкү күнү суткасына 300дөн ашык жаӊы учурлар катталууда, алардын көпчүлүгү Бишкек шаарына туура келет. Майрамдык иш-чараларга чакырылгандардын санын чектөө жуктуруп алуулардын санын азайтууга алып келиши керек. Коронавирустун экинчи толкуну учурунда саламаттыкты сактоо тутуму зор жүктөмдү башынан өткөрдү, жалпы иш-чараларды, майрамдоо салтанаттарын жана аш-тойлорду өткөрүүгө тыюу салынган. Бизге белгилүү болгондой, көп адам чогулган жерлер инфекциянын таралышынын потенциалдуу очогу болуп саналат. Ушуга байланыштуу COVID-19 инфекциясын жайылтпоо жана өткөн жылдагы июнь-июль айларындагы кырдаалды кайталабоо максатында, олуттуу чараларды көрүү зарыл.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасында үлпөт той, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзамынын жаӊы долбоору иштелип чыккандыгына байланыштуу Бузуулар жөнүндө кодексине жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунун талаптарын бузгандыгы үчүн VIII категорияда айып салууну караштырган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жаралды.












1 |