super.kg logo

Чүйдө 98 жаштагы Анипа Кабеновага "Офицердин жубайы" медалы тапшырылды

 

Чүйдө 98 жаштагы Анипа Кабеновага "Офицердин жубайы" медалы берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты милициянын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Ашыркул Асанов тапшырды.

"Анипа апанын жолдошу Молдоакмат Кабенов ички иштер органдарында иштеп, милициянын капитаны наамына жеткен. Жубайлар экөө тең 1923-жылы Чүй облусунун Чүй районунда туулган.

Молдоакмат ата жашынан эле оор турмушту башынан өткөрүп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Жумушуна байланыштуу Чүй жана Нарын облустарында эмгектенип, акыркы жылдары Ысык-Ата райондук жана Токмок ШИИБинин жетекчилик кызматтарында иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Анипа апа согуш мезгилинде оорукта эмгектенген. Молдоакмат атанын ийгиликке жетип, кызматтан жогорулашына эмгеги чоң экендиги талашсыз. Офицердин жубайы болуу канчалык түйшүктүү жана сыймыктуу экенин мыкты билет", - деп айтылат маалыматта.

Жубайлар төрт баланы тарбиялап, жогорку билим беришкен. Неберелери күч түзүмдөрүндө жана укук коргоо органдарында кызмат өтөйт. Анипа апа жолдошунун каза болгонуна 40 жыл өтсө да анын эмгегин эске алып, сыйлык тапшырып жаткан жетекчиликке ыраазычылыгын билдирип батасын берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
11.05.2021. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Офицердин баласы,кызы,небереси деген наамдар жокбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: