super.kg logo

Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы турак үйлөрдүн курулушу башталды (сүрөт)

 

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Максат, Сада, Интернационал айылдарында жумушчу сапары менен болду.

Ыйгарым укуктуу өкүл президенттин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Мамыржан Рахимов менен бирге куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жана калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүн жеринде көрүп чыгышкан. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Иш сапардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл Максат айылынын эли менен жолукту. Бул күндөрү облустун чек ара аймактарында орун алган окуяга байланыштуу түзүлгөн, калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү боюнча облустук комиссия иштеп жетекчилер, жергиликтүү тургундар менен бирге маселелер талкууланган.

"Абдикарим Алимбаев жергиликтүү тургундарды сабырдуулукка чакырып, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңул буруларын, кыска аралыкта турак үйлөрдү куруу, жарандардын жоголгон документтерин берүү иштери аткарыларын белгиледи. Ошондой эле курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жергиликтүү жетекчилерге, тазалоо иштери аяктаган жерлерде, турак үйлөрдүн курулушун баштоону тапшырды. Турак үйлөрдүн курулушун бүгүн, 11-майда баштоо пландаштырылды.

Жергиликтүү тургундар азык-түлүк, кийим-кече, турмуш-тиричиликке керектүү болгон жардамдар жетиштүү берилип жатканын, калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн ыраазычылыктарын билдиришти", - деди маалымат катчы.

Болуп өткөн окуядан Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.

Азыркы учурда айылда убактылуу баш калкалоо үчүн 50гө жакын чатыр тигилген. Электр энергия калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.

Максат айылында 1200 адам, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.05.2021. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өкүл деп тергебей губернатор,чек ара боюнча комиссиянын башчысы десе жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: