Ооганстанда автобустун жарылуусунан 16 адам каза болду
Ооганстанда автобустун жарылуусунан кеминде 16 адам каза болуп, дагы бир нече адам жаракат алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Забуль провинциясындагы Шахр-э-Сафа районунда болгон. Ошол эле учурда жергиликтүү маалымат каражаттарынын дагы бир булагы автобуста 25 адам болгон деп ырастоодо. Алдын ала маалымат боюнча, алардын бардыгы каза болушу мүмкүн.
Буга чейин 9-майда Ооганстандын борбору Кабул шаарынын батыш тарабындагы мектептин жанындагы жардыруулардан кеминде 55 адам каза болгондугу белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:17
2025-07-11

15:27
2025-07-11
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
zhazgul98

11.05.2021. 12:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Ооганстандагы кыздардын эркин жашоосуна шек келтирилиши күтүлүп жатат. Эгерде "Талибан" ислам тобу өлкөдө кайрадан бийликке келсе, анда аялдардын укуктары жаатындагы прогресс талкаланат. Исламчылдардын бийлиги учурунда аялдарга билим алууга тыюу салынган. Коомдук жайларда аялдардан бети башын толугу менен чүмкөнү талап кылынган. Диний түшүнүктөргө моюн сунбаган кыздарды ташбараңга алуу эреже киргизилген. Абал өтө оор.
zhaynak

11.05.2021. 13:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhazgul98, Кыргызстандын жашоосуна шугур кылып жашай бер да анда, ото эле батышчыл окшойсун. Бир норм. коментин жок экен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.