super.kg logo

Казань шаарындагы мектепте белгисиз адамдар ок чыгарышты. Каза болгондор бар

 

Белгисиз адамдар Казань шаарында мектептердин бирине ок чыгарышып, каза болгондордун саны 11ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Файзи көчөсүндө жайгашкан шаардык №175 мектепте ок атылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле окуяны уюштурган делген өспүрүмдүн кармалышы жөнүндө кабарланды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, атышуунун кесепетинен он бир адам каза болуп, эки мектеп окуучусу терезеден секирип кулап түшкөн.

Буга чейин тогуз кишинин каза болгону кабарланган.

"Казань шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Коопсуздук үчүн Казандагы билим берүү мекемелеринин кире бериштери чектелген - тиешелүү буйрук берилди", - деп билдирген аталган шаардын мэриясы.


Ошондой эле ок атуу болгон мектептен эвакуацияланган балдар менен психологдор иштеп жаткандыгы такталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.05.2021. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 окуучу экен. Колумбайнды кайталайбыз дешкенго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: