super.kg logo

Жаан жаайт. Эртеңкиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

 

Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, эртең, 12-майда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми тоолуу аймактарда кар жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +18 … +23;

Талас облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +18 … +23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10 … +15, күндүз +22 … +27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +17 … +22;

Нарын облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +17 … +22;

Бишкекте күндүз жаан жаап, шамал болуп турат. Абанын температурасы, түнкүсүн .. +10 … +12, күндүз +21 … +23.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: