super.kg logo

Бишкекке Өзбекстандан газ менен жүрүүчү 350 автобус алып келинет

 

Бишкек шаарына коңшу Өзбекстандан газ менен жүрүүчү 350 автобус алып келинет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы менен "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Меморандумга ылайык, "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" компаниясы Бишкекке Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япон ISUZU брендинин 350 газ менен жүрүүчү экологиялык автобустарын жеткирүү милдеттенет", - деп жазылат билдирүүдө.

Автобустардын биринчи партиясы шаардын каттамдарына 2021-жылдын 1-июлуна чейин жеткирилет.

2022-2023-жылдар аралыгында "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" компаниясы газ менен жүрүүчү автобустардын санын миң даанага жеткирүүнү пландаштырууда. Анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылган 9, 10, 12 метрлик автобустар бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: