"Газ менен жүрөт". Бишкекке Өзбекстандан алып келине турган автобустардын сүрөттөрү









Бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы менен "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.
Кол коюлган меморандумга ылайык, Бишкекке коңшу Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япон ISUZU брендинин 350 газ менен жүрүүчү экологиялык автобустары алып келинмей болду.
Мындан улам "Автобустар кандай сүйлөшүүлөрдүн негизинде келет?" деген суроо менен мэриянын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Эмил Ункуевге байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Жеке компаниялар менен меморандумдун негизинде иштешебиз. Бул компания автобусту Өзбекстандан өз каражатына алып келет. Ал эми биз компаниянын автобустарына каттамдарды чийип беребиз. Алар ошол көргөзүлгөн каттамдын негизинде автобустарды жүргүзүшөт. Автобустардын ичине "Тулпар" электрондук картасы коюлат. Учурда маршруттук каттамдар аз каттап жаткандыгына байланыштуу шаар тургундарын коомдук транспорт менен тейлей албай калуудабыз. Келе турган автобустарда бардык шарттар каралган", - деди Ункуев.
Мындан тышкары Эмил Ункуев аталган компания шаарга биринчи жолу автобустарды алып келе тургандыгын кошумчалады.












1 |