Той-аш өткөргөндөргө күмүш сырга. Бодо мал сойсоң айыпка жыгыласыңбы?
Үлпөт-той, аш-мааракелерди өткөрүүгө чектөөлөр киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзамдын демилгечиси депутат Улукбек Ормонов.
Эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынса анда төмөнкү эрежелерге баш ийүүбүз шарт болот:
1.Үй-бүлө салтанаттары, ырым-жырымдар жана иш-чаралар 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен жүргүзүлөт.
2.Үлпөт той салтанаттары 200гө чейинки адамга банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт.
Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты 3төн ашык эмес жеӊил автоунаасын колдонуу менен өткөрүүгө уруксат берилет.
Сөөктүү көмүү жана аза күтүү ырым-жырымдары:
- Маркумду акыркы сапарга узатууда катышуучулардын санын чектөөсүз жана ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз өткөрүлөт.
- Өлгөндөн кийин аза күтүү учуру боюнча ырымдар 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз өткөрүлөт.
Зыяратка баруу:
- Зыяратчыларды узатуу жана тосуу учурлары боюнча иш-чаралар талаптуулук менен үй-бүлөнүн тегерегинде өткөрүлөт.
- Зыяратчылык учуру боюнча конок кылуу менен жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат.
Үлпөт той, үй-бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүгө талаптар:
- Үлпөт той, үй-бүлө, маараке салтанаттарын, көмүү ырым-жырымдарын жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү турак үйлөрдүн аянттарында (короолорунда), жеке үйлөрдө же ресторандарда, кафелерде, ашканаларда жана үлпөт залдарында коомдук тартиптин талаптарын сактоо менен өткөрүлөт. Өткөрүү эс алуу күндөрү саат 8.00дөн 23.00гө чейин, ал эми иш күндөрү саат 18дөн 22.00гө чейин жүргүзүлөт.
Аталган эрежелерге баш ийбеген жеке жарандарга жогорку айып 17 миң 500 сом, ал эми юридикалык тараптарга 55 миң сом 8-категориядагы айыпка жыгылышат.






















1 |