Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Таалай Иманалиев, Нурзат Ажыматова жана Кылычбек уулу С. тарабынан Ош шаарынын Н.Нариманов атындагы орто мектебинде ири тарбиялык багыттагы иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу шаардык милицияда билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга мектептин жогорку классынын окуучулары, ата-энелер, мугалимдер жамааты катышып, аларга бүгүнкү келечек муунду тарбиялоодогу кырдаал, аткарылуучу иштер туурасында милиция кызматкерлеринен сырткары Ош шаарынын казысы Убайдыла Сарыбаев, балдар психологу Зарина Абдыжапарова чыгып сөз сүйлөшүп, ойлорун ортого салышты.
Жыйында окуучулардын арасындагы зордук-зомбулуктун алдын алуу, интернеттин оӊ жана терс таасирлери, ата-энелердин балдарына жасаган кайдыгер мамилелеринин кесепеттери тууралуу сөз болуп, тиешелүү акыл-насааттар берилди.
Зарина Абдыжапарова ата-энелерге, мугалимдерге кайрылуу жасап, оор психологиялык кырдаалга кептелген окуучуларды кантип аныктоого боло тургандыгына жана кантип жардам берүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Жыйындын катышуучулары ар дайым ушул сыяктуу жолугушууларга психологдорду чакыруу зарылчылыгына токтолушуп, бул кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган иш-чараны уюштурган Ош ШИИБинин кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.