Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри менен чек ара маселесин талкуулады
Бүгүн, 11-майда Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында, «Борбордук Азия – Кытай» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун механизминин экинчи кеңешмесинин алдында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Анда Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки мамлекеттин аймактарын жана чек араларын өз ара урматтап, буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды жана мурда кол коюлган протоколдорду бекем сактоону жактай тургандарын билдиришип, ошондой эле чек ара аймактарында тынчтыкты, туруктуулукту сактоого багытталган мындан аркы биргелешкен иш-аракеттерди белгилешкен.
"Министрлер Кыргыз-Тажик мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты жана жакынкы келечекте боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш-чараларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Тараптар Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны юридикалык тариздөөнү аяктоо эки өлкөнүн чек ара аймактарындагы кырдаалдын мындан ары турукташуусуна түрткү берип, эки мамлекеттин ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн бардык чөйрөсүнө оң таасир тийгизе тургандыгына макул болушту", - деди маалымат катчы.
