Бириккен улуттар уюму өз кызматкерлерин "Спутник V" вакцинасы менен эмдөөнү көздөөдө
Бириккен улуттар уюму өз кызматкерлерин Орусиянын "Спутник V" вакцинасы менен эмделүүгө чакырды. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Антонио Гутерришке шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин 3-майда бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперти Марианжела Симао дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "Спутник V" коронавируска каршы орусиялык вакцинанын коопсуздугун июнь айынын аягында же июль айында баалоону күтөрүн билдирген.
The Lancet медициналык журналы февраль айында жарыялаган маалыматка ылайык, препараттын клиникалык сыноолорунун үчүнчү фазасынын жыйынтыгы боюнча анын натыйжалуулугу 19 миңден ашуун ыктыярчылардын COVID-19 илдетине байланыштуу маалыматтарды анализдеп чыккандан кийин 91 пайызды түзгөн.
