Депутат Рыспаев өкмөттүн түзүмдүк бөлүмдөрү тез-тез алмашып, жумуш жүрбөй жатканын айтты
Депутат Кожобек Рыспаев өкмөттүн түзүмдүк бөлүмдөрү тез-тез алмашып, жумуш жүрбөй жатканын айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Биз Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү долбоорунан арткан 100 миллион долларды Үч-Коргон ГЭСин калыбына келтирүү жумуштарына жумшоо боюнча чечим чыгарып бергенбиз. Азыр анын аткарылышы боюнча да так маалымат жок. Анын акыбалы деле ушундай болуш керек", - деп кошумчалады депутат.
Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин кезектеги жыйынында көптөн бери бүткөрүлбөй келаткан "Камбарата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат угулду. Жыйынга депутаттар, энергетика тармагы боюнча эксперттер, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
