Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондо коомдук коопсуздукту жети жүздөн ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт
Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезондо коомдук коопсуздукту 710 милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Мурдагы жылдарда топтолгон тажрыйба, быйылкы жайкы туристтик мезгилде да колдонулмакчы. Бирок коронавирустун жугуштуу оорусунун кырдаалына байланыштуу киргизилген санитардык-эпидемиологиялык талаптарына ылайык жүргүзүлмөкчү. Алыскы мамлекеттерден келген туристтер, көбүнчө тоолуу туризмге басым жасагандыктан туристтик милиция Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда орун алган тоолуу туристтик маршруттарда да кайгуул иштерин жүргүзүп турмакчы. Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында болсо 13 каттам боюнча кызмат өтөшөт жана келген меймандарга өздөрүнүн кеңештерин берип турмакчы, ошондой эле туристтердин бардык кайрылууларына тез жана сапаттуу кызматтарын көрсөтүп турмакчы", - деп билдирет облустук милициядан.
