super.kg logo

Салык декларациясын өз убагында тапшырбаган кызматкерлердин тизмеси жарыяланды

 

Мамлекеттик салык кызматы 2019-2020-жылдары үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тууралуу маалымат жарыялады.

Ага ылайык, декларацияны өз убагында тапшырбагандардын жалпы санынын көпчүлүгү муниципалдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери жана адистери болду. Бардыгы – 227 декларант.

"Тизмеде Ички иштер министрлигинин - 56, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин - 33, Мамлекеттик чек ара кызматынын - 30, Жогорку Соттун - 27, Мамлекеттик каттоо кызматынын - 21, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын - 17, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын - 13, Финансы министрлигинин - 12, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин - 11, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин - 10, Мамлекеттик кадр кызматынын - 9, Мамлекеттик салык кызматынын - 9, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын - 8, Жогорку Кеңештин - 8, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин - 7, Өкмөт аппаратынын - 7, Эсептөө палатасынын - 6, Саламаттыкты сактоо министрлигинин - 6, Тышкы иштер министрлигинин - 6, Билим берүү жана илим министрлигинин - 5 жана башка органдардын кызматкерлери да бар", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле декларацияны өз убагында же таптакыр тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмеси юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилерин кошумчалашкан.

Эскерте кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелде аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: