super.kg logo

Сот Курманбек Бакиевдин бир тууганына байланыштуу өкүмдү жокко чыгарды. Толуктоо

 

Кечээ, 11-майда Жогорку Сот мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Каныбек Бакиевге карата чыгарылганы маалымдалган. Бүгүн, 12-майда Жогорку Соттун басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.

"27-апрелде Жогорку Сот тарабынан буга чейин Бакиевге карата чыккан Жалал-Абад шаардык жана облустук соттун өкүмү жокко чыгарылган. Кылмыш иши толук иликтенбегенине байланыштуу кайра кароого жиберилди. Ал эми жактоочунун Каныбек Бакиевди толугу менен актоо боюнча келтирген өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Каныбек Салиевич Бакиев катышкан кылмыш иши тууралуу соттордун чечими боюнча келип чыккан суроолорду эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилгендигине байланыштуу ишти жаңыдан кароого жөнөткөн. Иш боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө тийиштүү баа берилген эмес.

Кыргыз Республикасынын азыркы Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, айыпталуучунун күнөөсү далилденбегендик - актоого негиз боло албайт. Соттор өкүмдүн актоо бөлүгүн кабыл алууда. Кыргыз Республикасынын 340-беренесинин талаптарын бузуу менен, жогоруда көрсөтүлгөн негиз менен акташкан.

Жогорку Соттун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги токтому менен прокурордун кассациялык сунушу канааттандырылып, ал эми Каныбек Бакиевди актоо тууралуу жактоочунун даттануусу канааттандыруусуз калтырылган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: