super.kg logo

Акылбек Жапаров: "Кыргыз өлкөсү "Кумтөрдөн" 10 миллиард доллардын тегерегинде пайда көрө алат"

 

Кыргыз өлкөсү "Кумтөрдөн" 10 миллиард доллардын тегерегинде пайда көрө алат. Бул тууралуу "Кумтөр" боюнча депуттаттык комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.

"Депутаттык комиссиянын "Центерра Голд" компаниясына койгон доосу 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар. Анын 3 миллиард 86 миллионун экологиялык жоготуулар, 1 миллиард 166,5 миллиону салык түзөт.

Мындан сырткары казылып алына элек 106 тонна алтынды мамлекеттин карамагына кайтардык. Жакын арада аталган алтынды Кыргыз өлкөсүнүн менчиги деп тааныган мыйзам долбоору кабыл алынат деген үмүттөмүн.

Президенттер, премьер-министрлер буга чейин Кумтөр, Жер үй сыяктуу кендерди сатып келишкен. Алгачкы жолу биздин өлкөнүн депутаттык комиссиясы 4,252 миллиард доллар доо коюп, 106 тонна алтынды өлкө капчыгына кайтарып жатат. Бул алтынды жакынкы 5-10 жыл аралыгында казып алууга мүмкүн. 106 тонна алтындын баасы 5 миллиард доллардан ашык акча болот. Жыйынтыктоочу сумма 10 миллиард доллардын тегерегинде болуп жатат. Өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде биз бул каражаттын бир бөлүгүн азыр өндүрүп, калган бөлүгүн казып ала алабыз. Муну биз соттон далилдеп, баарын ачык көрсөтүүгө кудуретибиз жетет", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
12.05.2021. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буга чейин эмне кылып журдунор эле
12.05.2021. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурунку президент өкмөт жалпы бийлик бүт баары эле жеп жутаарлар болгон экен да, эми ушуну ишке ашырсанар кыргыз элимдин керегине жарайсынар, эми аягына чейин чыгаргыла!
12.05.2021. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар ишиңер илгери болсун, Кыргызстаным өнүгүшүнө ишенем.
13.05.2021. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эт менен челдин ортосунда жургон адамдан ушундай жарылган создорду кутподум эле..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: