"Манас" аэропортунда жүргүнчүлөрдүн көзөмөлдөн өтүү схемасы өзгөрүлдү
2021-жылдын 4-майынан тарта "Манас" аэропортунун аэробекетинде (АБК) жүргүнчүлөрдүн чек арадан жана бажы көзөмөлүнөн өтүү схемасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, өзгөртүүлөр эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүнө гана тиешелүү.
"Каттоодон өтүү жана жүктөрдү тапшыруу мурдагыдай эле "Манас" аэробекет комплексинин экинчи кабатында жүргүзүлөт. Ал эми чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүү аэропорттун батыш канатындагы 3-кабатта, АБК-2 жаңы имаратында жүргүзүлүүдө.
Мындай өзгөрүүлөр эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүн тейлеген АБК-2 жаңы имараты курулуп бүтүшүнө жана пайдаланууга берилишине байланыштуу.
Жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында аэробекеттин аянты кеңейтилди", - деп жазылат маалыматта.
