super.kg logo

Индиялык дарыгерлер уйдун заңы менен заарасын коронавирустан коргонуу үчүн денесине сүйкөп жаткан жарандарга кайрылышууда

 

Индиялык дарыгерлер жарандарды коронавируска каршы күрөшүүдө уйдун заңы менен заарасын колдонуудан баш тартууга чакырышууда. Мындай маалыматты чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, индиялык дарыгерлер менен саясатчылар жарандарга уйдун заңы менен заарасын иммунитетти көтөрөт деген түшүнүк менен денелерине сүйкөө туура эмес экендигин айтышууда.

"Илимий жана медициналык практикада уйдун заңы менен заарасы иммунитетти көтөрөт деген эч бир далил жок. Тескерисинче, жаныбарлардагы айрым инфекциялык ооруларды жуктуруп алуу коркунучу жогору. Уйдун заңы менен заарасы коронавирустан коргойт деген түшүнүк медицинада жок", - деген Индиянын медициналык ассоциациясынын президенти, доктор Жей Жаялал.

Буга чейин Индияда коронавируска каршы күрөшүүдө иммунитетти көтөрөт деген ишеним менен жарандар уйдун заңы менен заарасын денелерине сүйкөп жатышкандыгы жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
12.05.2021. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин уу коргошун тойго барат экен шүгүр
12.05.2021. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аа кокуй, андан коро уу коргошун эле ичели кой
13.05.2021. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алар уйду кудай катары көрүшөт дешет. Богу менен сийдиги да дары болот дешкен го чамасы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: