super.kg logo
  Спорт  

Рамзан Кадыров Хабиб Нурмагомедовго "Ахмат" спорт клубунун мушкерлери менен беттешиши үчүн өзү каалаган сумманы сунуштады

 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовго "Ахмат" спорт клубунун мушкерлери менен беттешсе мушкер өзү каалаган сумманы төлөп берүүгө даяр. Бул тууралуу Кадыров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде айткан.

"UFC мушкерлерин Хабиб Нурмагомедов жүз пайыз жеңди. Ал эми "Ахмат" спорт клубунун мушкерлерин ал жеңе алабы? Бул суроо жаратат. Мен анын салмагындагы "Ахмат" клубунун мушкерлери менен сунуштайм. Бул үчүн өзү айткан гонорарды берүүгө даярмын. Ал UFC'де беттешке чыкса биз аны колдочубуз, бирок "Ахматта" мушташса биз өзүбүздүн мушкерлерибизди колдойбуз", - деген Рамзан Кадыров.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.05.2021. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Рамзан уят.Бой арам экенин билип туруп ошол нерсени жасаганын ал сенин ыйманындын жоктугунун белгиси.
Экинчиден эгер ошончолук Ахматындын балдарына ишенсен анда сен аларды UFCге алып Хабибдин денгээлине жеткир,бир дагы поражениясы жок.
Анан ошондо Хабибге айт ошол сунушунду,эгерде ыйманын жол берсе.
Анан Хабиб ойлонот.Бирок ХАбиб мусульмандар менен урушпайм деген созу бар.
Muslim_KGstana. түзөттү 2021-05-13 11:11:17
13.05.2021. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Не иди Хабиб, испортишь карьеру ради денег! Бой будет продажным!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: