super.kg logo
  Саясат  

"Камакка алынганда туугандарымдан, балдарымдан "карыганда бул нерселердин эмне кереги бар эле?" деген сөздөрдү уктум" дейт Каныбек Осмоналиев

 

SUPER.KG порталынын #ГалстукТардолбоорунун кезектеги коногу Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев болду.

Анда ал абакта отуруп ыр жазганын айтты. "Мен бала кезден анча-мынча ыр жазып калчумун. Мугалимдерим "сени физика бузуп койду окшойт, сенден чоң акын чыкмак" деп айтып калышчу. Абакта отурганда ырларды жазып калдым.

"Чыдамкайлык, ак ниет атамдан калган салт болду,

Элди, жерди сүйүү апамдан калган нарк болду" - деген саптарды жазгам.

Абакта жатканда туугандарымдан, балдарымдан ар кандай сөздөрдү угуп жаттым. "Карыганда бул нерселердин эмне кереги бар эле, элге окшоп оокат кылса болмок" деп айтышты. Ошолорго жооп кылып жогорудагы саптарды жаздым", - деди ал.

Эске салсак, Осмоналиев Садыр Жапаров камакта отурганда аны колдоп митингде модератор болгону үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан 2020-жылдын март айында камакка алынган.






Каныбек Осмоналиев: “Садыр Жапаровго, Улукбек Мариповго дагы кыйын болуп жатат“

Автор: Айсалкын Качкынбекова, Жылдыз Джускембаева, Бекболот Сарыбаев
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: