Ибрагим Жунусов: "Апам мени "анальгиним, сени менен сүйлөшсөм ооруган жерим басылып калат" дечү"
Илимде профессор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов SUPER.KG порталына маек берип жатып, "Апам акыркы он жылында гана жетиштүү турмушта жашап калды" дейт.
"Биз 4 бир тууган элек. Апам бизди жалгыз чоңойтту. Өзү мугалим болчу, кыйналса дагы төртөөбүздү тең жогорку окуу жайда окутту. Он күн ооруп, бизге ыраазычылыгын айтып узап кетти. Көзү өтөрдө "уулум, айылга жетпеген атымды ааламга тааныттың, ак сүтүмө ыраазымын" деп көзү өтүп кетти. Апам өмүрүнүн акыркы он жылын гана жетиштүү турмушта жашап калды. Мени "анальгиним, сени менен сүйлөшсөм ооруган жерим басылып калат" дечү. Сагынганда кийимдерин жыттачу элем, кийин убакыт өткөн сайын жыты дагы калбай калды", - дейт Жунусов.
кошулду
Ибрагим Жунусов: “Апам айылга жетпеген атымды ааламга жеткиздиң деген”



