Өлкөдө 3 миллион 343 миң аял болсо, алардын ар бир сегизинчиси төрт же андан көп баланын энеси. Энелер күнүнө карата сандар жана фактылар
2012-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгы менен бекитилген ар жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет.
Буга байланыштуу Улуттук статистика комитети республиканын аялдары тууралуу фактылар жана сандар менен бөлүштү.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-январына карата өлкөдө 3 миллион 343 миң аял бар, башкача айтканда, аялдар калктын 50,4 пайызын түзөт.
Шаардагы калктуу конуштарда 1 миллион 195 миң аял, айыл жеринде - 2 миллион 148 миң жашайт. 2020-жылы республиканын 15-55 жаштагы 158 миңге жакын аялдары эне болушту. Эненин биринчи баласы төрөлгөндө орточо жашы болжол менен 23 жашты түзгөн.
Биринчи баласы төрөлгөндө 21-22 жашта болгон эң жаш энелер Ош шаарында, ошондой эле Баткен, Ош жана Талас облустарында жашашат. Аялдардын 27 пайызга жакыны биринчи жолу, ал эми 35 пайызга жакыны, же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу эне болушту. 13 пайызга жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болуп калды.
2020-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөлгөндөрдүн саны азайган. Тактап айтканда, 2020-жылы 1436 эгиз төрөлсө (2019-жылы - 1575) жана 14 үч эм (2019-жылы - 26) төрөлдү. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча, төрөттүн аралыгы эки жылга чейинки төрөлгөн балдардын үлүшү 32 пайыздан жогору, үч жыл жана жогору аралыкта 42 пайыз болгон.
"2000-жылдардан баштап Кыргыз өлкөсүндө төрөлүү деңгээлинин өсүшү байкалган. 2019-жылы 15-49 жаштагы ар бир аялга орто эсеп менен 3,3 бала туура келген, бул биздин өлкөдө калктын кеңейтилген репродукциясын камсыз кылуу үчүн жетиштүү", - деп айтылат маалыматта.
