super.kg logo

Ачылышына президент катышты. Ысык-Көлдө "Мен көчмөнмүн" аталышындагы туристтик жарманке өтүп жатат

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда "Мен көчмөнмүн" деп аталган кезектеги Ысык-Көл эл аралык "ITF-2021" туристтик көргөзмө-жарманкесинин ачылышына катышты. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси 2016-жылдан бери эл аралык деңгээлде өткөрүлүп келе жаткандыгын эске салды.

Ал аталган иш-чарага катышуучулардын жана кызыккандардын саны жыл сайын өсүп жатканын - учурда коңшу өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин көпчүлүк өкүлдөрү бул аянтча тууралуу көбүрөөк биле баштаганын жана алар ушул иш-чаранын алкагында өз продукцияларынын бет ачарын өткөрүп келе жатканын канааттануу менен белгиледи.

Президент туруктуу туризмди өнүктүрүүдө мезгилдин жаңы шарттарына ылайык, мамлекет тараптан өзгөчө көңүл бурулуп, социалдык-маданий, экологиялык жана экономикалык маселелердин чечилиши республикабыздын туризм жаатындагы жүргүзгөн саясатынын негизги фактору болушу керек экендигине токтолду.

Мамлекет башчысы экономиканын реалдуу сектору катары туризмди жигердүү өнүктүрүү үчүн эл аралык туристтик рынокто кыргызстандык туристтик продуктыларды таанытууга багытталган иш-чараларды тез-тез өткөрүп туруу зарылдыгын кошумчалады.

Бүгүнкү жарманкеде Кыргыз Республикасынын туризминин бир нече түрлөрү: экологиялык, ден соолукту чыңдоо, маданий-билим алуу, айыл-чарба туризми, жайлоо туризми, экстремалдык-окуялык туризм сындуу туризм тармагынын түрлөрү сунушталат. Туризмди өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан мындан ары дагы бардык күч-аракеттер жумшала тургандыгын баса белгилеп өткүм келет”, - деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунан башталган "ITF-2021" эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн башкы максаты кыргыз жерин экологиялык жана этно туризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү болуп саналат.

Көргөзмөнүн программасы үч бөлүктөн турат, алар ар башка убактарда үч жерде өткөрүлөт - «Issyk-Kul» көргөзмө-жарманкеси, "Кыргызстан - туризмдин өлкөсү" туристтик форуму, Кыргыз өлкөсүнүн туристтик рыногунан жана өнөктөштөрдөн мыкты катышуучуларды сыйлоо иш-чаралары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(1)
16.05.2021. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: