Каракол шаарында өлкөдөгү ири эт комбинаты ишке кирди










Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы “Рейна Кенч” эт комбинатынын ишке киргизилишине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, мамлекет башчысына ишкананын малды союу, этти баштапкы иштетүүдөн өткөрүү жана даяр продукцияны акыркы керектөөчүгө жеткирүү боюнча жасаган иштери жөнүндө маалымат берилди.
Эт комбинатынын курулуш иштери өткөн жылдын август айында башталган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 500 баш майда жана 100 баш бодо мал союуну түзөт.
Ишкананы ишке киргизүүгө жалпысынан 132 миллион сом сарпталган. Эт комбинаты малды Ысык-Көл облусунун төрт районунун фермерлеринен түздөн-түз сатып алып турат. Аны менен облустун малчыларынан малдын туруктуу түрдө сатылып алынышы камсыз кылынары белгиленди.
Мындан сырткары, ишкананын өзүнүн лабораториясы бар, ал чыгарылып жаткан продукциянын экологиялык жактан жогорку сапатта экенине кепилдик берет.
Эт комбинатында жүздөн ашуун адам жумуш менен камсыздалат жана алардын көпчүлүгү жергиликтүү тургундардан турат.
Садыр Жапаров эт комбинатынын өндүрүш цехтерин, иш бөлмөлөрүн көрүп чыкты. Президент ишкананын учурда региондун, келечекте бүтүндөй өлкөнүн, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга салымын кошуп жатканын канааттануу менен белгиледи.
Ал кайра иштетүү тармагын колдоо аркылуу калкты сапаттуу айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигине токтолду.
"Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен баарлашты, алар ички жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, жер тилкелерин трансформациялоо, маданият тармагын колдоо тууралуу маселелерди көтөрүштү. Өз кезегинде президент алдыда мерчемделип жаткан социалдык-экономикалык реформалардын алкагында жергиликтүү жарандардын жашоо-шартын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.
