super.kg logo

"Эне - ар бир үйдүн, жалпы мекенибиздин куту". Садыр Жапаров Энелер күнү менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-майда жарандарды Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу.

"Урматтуу энелер!

Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар — Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жашообузда Эненин өзгөчө ролу бар. Эне — дүйнөдө теңдеши жок асылзат. Эне — өмүрдүн башаты. Эне — ар бир үйдүн, жалпы мекенибиздин куту.

Элибиз байыртадан энени ыйык көргөн, Умай эне атаган, жерди — Жер Эне, өз тилин — Эне тил деген!

Ошондуктан Энени урматтоо жана сыйлоо, анын турмуштагы алмаштырылгыс ордун таануу каада-салттарыбызга терең тамырлаган.

Кыргыз өлкөсүндө бекем, чоң жана ынтымактуу үй-бүлөлөр ар дайым коомубуздагы адеп-ахлактык бакубаттуулуктарды калыптандыруунун маанилүү фактору болуп келген.

Чыныгы энелик мээримдин чеги жок. Биздин күндөрдө жетим балдарды өз баласындай асырап, мээрмандуулуктун жана нагыз адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөтүп, аларга сүйүүсүн, жан дүйнөсүн арнаган энелердин ар бири жалпы коомубуздун терең урмат-сыйына татыктуу.

Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө эмгектенген мекендештерибиздин балдарын энелик мээримге, камкордукка бөлөп, тарбиялап жаткан апаларга жана чоң энелерибизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздер наристелердин бактылуу балалыктын кучагында жайдары жашоосу жана алардын коомубуздун эртеңкисин, мамлекетибиздин келечегин аныктай турган татыктуу жарандардан болуп жетилиши үчүн эбегейсиз зор салым кошуп жатасыздар.

Бүгүнкү күндө үй-бүлө институтун чыңдоо, энени жана баланы коргоо, энелердин укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу, көп жана жаш балалуу үй-бүлөлөрдү ар тараптан колдоо – мамлекетибиздин социалдык саясатынын эң маанилүү жана артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Ошол себептен жакындагы жалпы элге кайрылуумда "Умай эне" культун калыбына келтирүүнүн зарылдыгын айттым. Эне жана баланы камкордукка алуу, колдоо жана коргоо багытында улуттук программаны тез арада ишке киргизүүнү тапшырдым.

Урматтуу асылзат энелер, дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: