"Ар бирибиз үчүн энеден жакын жана кымбат адам жок". Улукбек Марипов аялзатын Энелер күнү менен куттуктады
Улукбек Марипов аялзатын Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Төмөндө куттуктоонун толук тексти:
"Ардактуу биздин айымдар, сиздерди Энелер күнү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Ар бирибиз үчүн энеден жакын жана кымбат адам жок. Эне деген – дүйнөдөгү эң кымбат нерсени, өмүрүбүздү тартуулаган ыйык адам болуп саналат. Алар бизге кам көрүү менен канчалаган уйкусуз таңын атырды! Энелерибиз гана өз баласы үчүн чын жүрөктөн жана керт башынын камын ойлобостон чексиз мээримин төгө алат!
Көпчүлүгүбүз эр жетип, өзүбүз ата-эне болуп отурганыбыз менен энелерибиз үчүн бала бойдон калабыз. Туулуп өскөн ата-энелерибиздин үйүнө барганда камкордукту жана мээримди сезебиз! Бул сезим жүрөгүбүздүн түпкүрүндо сакталат.
Ардактуу апалар, ушул майрам күнү сиздерге узун өмүр, бакубат жашоо каалайм, ар дайым балдарыңыздар менен сыймыктанып, маанайыңыздар жайдары болсун! Дөөлөттүү карылыкта бактылуу өмүр сүрүңүздөр!
Майрамыңыздар менен кымбаттуу энелер!".
