super.kg logo

Өлкөдө ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 11 миңге чукул адам катталган

 

Жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде СПИД илдетинен каза болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнү белгиленет. Буга байланыштуу Республикалык СПИД борбору аталган илдеттин Кыргыз өлкөсүндө жайылышы боюнча айрым маалыматтар менен бөлүштү.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 1-майына карата өлкөдө ВИЧ инфекциясын жугузуп алган 10 миң 644 адам катталган. Алардын 10 миң 59у Кыргыз жарандары. Бул оору 2311 адамдын өмүрүн алды.

"Бүгүнкү күндө ВИЧ өлүмгө алып келүүчү дарт эмес экенин түшүнүү абдан маанилүү. Антиретровирустук дарылардын жардамы менен ВИЧ инфекциясы өлүмгө алып келе турган илдеттердин категориясынан өнөкөт оорулардын катарына кошулган. Эгерде аталган инфекцияны өз убагында аныктап, көзөмөлгө алса адамдын өмүрүнө дээрлик коркунуч болбойт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: