super.kg logo

Баткендин Кара-Токой айылына жаңы ФАПтын курулушу башталды

 

Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Кара-Токой айылында жаңы ФАПтын имаратына капсула салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

"ФАПтын жаңы имаратынын курулушу менен анын базасында стоматология, аялдардын гинекология бөлүмү, жугуштуу оорулар бөлүмү, жүрөк дартын кароо бөлүмү жана жалпы имаратты жылытуучу система орнотулуп, заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоо каралган.

Жалпы сметалык баасы 2 миллион 800 миң сом болгон курулушту "Ассанабил" кайрымдуулук фонду каржылоого алууда", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Белгилей кетсек, Кара-Токой айылындагы 1000ден ашуун калкты тейлеген ФАПтын имараты 1962-жылы СССР мезгилинде курулуп, эскилиги жетип, жаңы имарат куруу зарылчылыгы жаралган болчу.

Кара-Токой айылы Өзбекстандын Сох районунун айылдары менен чектешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: