super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Айдаркен шаарындагы Шевченко көчөсүндө таштанды бир айдан бери алынбайт" дейт окурман

 
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарынын тургуну кайрылды. Анда ал бир айдан бери таштанды алынбай жатканын айтып кайрылды.
"Айдаркен шаарындагы Шевченко көчөсүндө таштанды бир айдан бери алынбайт. Биздин шаардагы "Тазалык" ишканасы жакшы иштебейт. Шаардагы жетекчилер да кош көңүл мамиле кылышууда.
Таштанды чогулган жер жолдун боюнда, тагыраагы балдар ойногон жерге жакын, биз үчүн өтө кооптуу. Жаз, жай айларында терезебизди да ача албай калабыз.
Жетекчилерден таштандыны күн сайын алып турушун суранар элек", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: