super.kg logo

Чүйдө изделип жаткан 16 жаштагы кыз табылды

 

Чүй облусунда дайынсыз болуп изделип жаткан 16 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Ал эми Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кыз кайсы жакта, эмне кылып жүргөндүгү тууралуу маалыматты тактап беришерин убадалашты.

Эске салсак, буга чейин Чүй облусунун Жайыл районунда 16 жаштагы Сальмина Асылбекова аттуу кыз дайынсыз болуп изделип жатканы маалымдалган.

Анда 3-май күнү Жайыл райондук милициясына 1968-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 2005-жылы туулган кызы 25-апрель күнү болжол менен саат 12:00 чамасында Кара-Балта шаарындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин жазган.

Ошондой эле аталган 16 жаштагы кыз буга чейин үйдөн бир нече жолу качып, милиция кызматкерлери тарабынан табылып үйүнө жеткирилгенин кошумчалашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.05.2021. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А жакшы
17.05.2021. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыз экен. Бироо башын айлантып алса керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: