Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда Пакистан, Өзбекстан, Венгрия, Ооганстан, Түркия, Казакстан мамлекеттеринин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы ар бир элчини өзүнчө кабыл алып, алар менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, жакынкы келечектеги өз ара кызматташуунун артыкчылыктарын, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү чараларын талкуулаган.
Ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун келечеги жөнүндө пикир алмашуу болгон.
"Президент Садыр Жапаров элчилерди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, аларга Кыргыз өлкөсүндөгү ишинде алдыга койгон бардык максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады", - деп айтылат маалыматта.
