super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров "Кумтөр" кенинен буга чейинки президенттердин тушунда сыртка ташылып кетти деген алтындын көлөмү канча экенин айтты

 

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында "Кумтөр" маселеси каралып жатат. Анда баяндаманы "Кумтөр" боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Ал "Кумтөр" кенинен буга чейинки президенттердин тушунда сыртка ташылып кетти деген алтындын көлөмү канча экенин айтты. "Аскар Акаевдин убагында 156 тонна, Курманбек Бакиевдин убагында 68,2 тонна, Алмазбек Атамбаевдин убагында 132,6 тонна, Сооронбай Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен", - дейт Жапаров.

Ошону менен катар эле Акылбек Жапаров бардык президенттер учурунда "Кумтөр" боюнча комиссиялар түзүлгөнүн дагы кошумчалады. "Кыргыз мамлекетинин 4 президенти тең "Кумтөр" маселесин толук кандуу аягына чыгарып, чечим чыгарганга эрктерин топтой алышкан эмес", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: