super.kg logo

Санкт-Петербургда терезеден кулап кеткен 10 жашар кыргыз кызынын бүгүнкү күнгө карата абалы айтылды

 

Санкт-Петербург шаарында терезеден кулап кеткен 10 жаштагы кыргыз кызынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10 жашар кызга бүгүнкү күндө үчүнчү операция жасалганы турат.

"Кыздын атасы элчиликтин кызматкерлерине жана Санкт-Петербург шаарындагы консулга, ошондой эле кайдыгер карабай каражат топтоого жардам берген жалпы кыргыз элине ыраазычылыгын билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, 11-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин бешинчи кабатынан 10 жаштагы кыргыз кызы кулап кеткени кабарланган. Кыз көптөгөн жаракаттар менен оор абалда ооруканага келип түшкөн.

Кийин Тышкы иштер министрлиги кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын жана абалы оор экендигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: