super.kg logo

"Үйдөн качып атасына кетип калчу". Чүйдө изделип жаткан 15 жашар бала эки айдан бери табыла элек

 

Буга чейин Чүй облусунун Панфилов районунда 2006-жылы туулган Адилет Данияров аттуу бала дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган. Ал бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

SUPER.KG порталы аталган өспүрүмдүн апасына байланышканда, төмөнкүлөрдү билдирди.

"Баламан бүгүнкү күнгө чейин такыр дайын жок, байланышка дагы чыккан жок. Нарын облусунун Ат-Башы районунда атасы бар. Ажырашканыбызга 10 жылдан ашты. Негизи үйдөн качканда атасына кетип калчу. Бул жолу ал жакка барбаптыр. Мен экинчи жолу турмушка чыкканы балам атасы экөөбүздүн ортодо эле жүрчү. Бир ай меникинде, кайра атасыныкына жүрүп келчү. Атасынын дагы үй-бүлөсү бар. Менин биринчи турмушумдан 2 балам, экинчи турмушумдан 1 кызым бар. Учурда Чүйдө жашайм", - деп билдирди апасы.

Окуянын чоо-жайы:

8-апрель күнү Панфилов райондук милициясына 1985-жылы туулган келин арыз менен кайрылып, 15 жаштагы баласы 20-февралда Кум-Арык айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.

Арыз ээси менен сүйлөшүү учурунда өспүрүм бала Ысык-Көл облусунда туулуп өскөнү белгилүү болгон. Апасынын айтымында, ал 5-класстан баштап мектепке барбай, үйдөн кача баштаган. Кийинчерээк жумалап же айлап жоголуп кеткенин билдирген. Ушул себептүү апасы арызды убагында жазган эмес.

Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, чачы кара, арык чырай, башынын сол жагында тырык бар.

Милиция сүрөттөгү баланы көргөн, билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылууну суранат: 0312 6079 89, 0702 31 75 22, 0557 08 03 87, 0701 79 0018.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
17.05.2021. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Окунучу кээде ажырашуу Ата-энеге оной болот.атасы дагы апасы дагы башканы таба алат,бирок балдарга кыйын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: