Билдирүүгө ылайык, борбор калаанын "Бишкексвет" ишканасы тарабынан 56 даана темир түркүктөр орнотулуп, 4 темир бетон, 78 светодиоддук чырак, 600 метр өзүн-өзү актай турган изоляцияланган зым тартылып, жер астына 1300 метр электр зымдары тартылды.

"Бишкексвет" муниципалдык ишканасы Свердлов районунундагы "Кара жыгач" сейил багын жарыктандырды, мындан ары Комсомол жана Пионер көлдөрүнүн аймагы дагы ар дайым жарык болот.

Ошол эле учурда Аламүдүн-1 кичи районуна көчө жарыктарын орнотуу иштери жүрүп жатат. Манасчы Сагымбай көчөсүндөгү каналдын боюнда 17 түркүк пайда болуп, жарык берүүчү чырактар орнотулуп, электр чубалгылары жер астына тартылууда", - деп жазылат маалыматта.