super.kg logo

"Кыргыздын жүрөгүн көкүрөгүнө орнотуп кеткен инсан". Султан Раев Табылды Эгембердиевге арнап китеп жазды

 

Кыргыз Эл жазуучусу, драматург жана акын Султан Раев коомдук ишмер Табылды Эгембердиевге арнап китеп жазды. Бул тууралуу жазуучу Эгембердиевди эскерип, ага арнаган китеп жакында жарык көрө турганын билдирди.

"Бул китеп кыргыздын чыгаан уулу, залкар замандашыбыз Табылды Эгембердиев жөнүндө жазылган. Китептин аты "Таке" деп аталат. Ал Кыргыз журналистикасында, басма сөз эркиндигинде биринчилерден болуп салым кошкон адамдардын катарында турат. 1990-1991-жылдары Табылды Эгембердиев, Өмүрбек Абдрахманов, Сатыбалды Жээнбеков жана Кубан Мамбеталиев деген атактуу публицистика боюнча азыркы эң мыктылар биздин гезитке өзүнүн макалаларын берчү. Ошондон бери Табылды байке менен ага-ини болуп, жакын адам болуп жүрдүк.

Бул китепти агамды эскерүү катары жаздым. Такем рамкадан сырткары, эч кандай стереотипке туура келбеген, өзгөчө мүнөзү, өзгөчө кыялы бар адам болчу. Ошол өзгөчөлүгүн китепке камтыганга аракет кылдым. Албетте, китеп чыкканда окурмандар өз баасын берет деген терең үмүттөмүн. Ал быйыл 70 жашка чыкмак. Табылды Эгембердиев кыргыздын жүрөгүн көкүрөгүнө орнотуп кеткен киши. Ал адам таза эмгек, таза мээнет менен ийгиликке жете турганын далилдеген", - деди Раев.

2015-жылы 16-майда узакка созулган оорудан кийин ишкер жана коомдук ишмер Табылды Эгембердиев каза болгон.

Табылды Эгембердиев "Жашоого шашылам, анткени аткарсам деген пландар көп. Эл жасай элек, ойго келбегендерди жасасам дейм" деген ураан менен жашаган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: