super.kg logo

Чек ара чырында жарым-жартылай укпай калган беш жашар Айжаз туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алды

 

Бүгүн, 17-майда Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин кызматкерлери Жаңылай Мурзаевага беш жашар кызы Айжаз Мурзаеванын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тапшырышты. Бул тууралуу аталган департаменттен билдиришти.

Маалым болгондой, чек ара жаңжалы учурунда Айжаз Мурзаеванын документи күйүп кетен. Учурда кыз Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарылануудан өтүп жатат. Ал жаңжал учурунда катуу чочуп кетип, мындан улам жарым-жартылай укпай калган.

Мурзаевдердин үй-бүлөсү Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында жашайт. Ошол күнү, 29-апрелде, Айжаз көчөдө башка балдар менен ойноп жүргөн. Тажик тараптын кол салуусу Мурзаевдердин үй-бүлөсүн күтүлбөгөн жерден башка айылга качып кетүүгө аргасыз кылган. Алар Сүлүктүгө туугандарынын үйүнө келишкен. Айжаз кулагы ооруп жаткандыгын айткан. Алгачкы экспертизадан кийин кыз менен эне Бишкекке жөнөтүлгөн. Дарыгерлер Айжаздын угуусу калыбына келе баштаганын билдиришти. Жарым-жартылай укпай калуусу жана кулактын оорушу - бул катуу чочугандан болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: