Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Кыргыз-Тажик чек арасында сабалган 3 Кыргыз жаранынын абалы туруктуу"
Кечээ, 17-май күнү Кыргыз-Тажик чек арасында сабалган 3 Кыргыз жаранынын абалдары туруктуу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабыркаган жарандар учурда ооруканада. Абалдары дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда.
17-майда эртең менен белгисиз адамдар Баткен районундагы Ак-Сай айылынын тургундарын кармап, Тажикстандын Ворух анклавынын аймагына алып кетишкен. Бир нече тургун жайлоодон кайтып келе жатканда, алардын үчөөнү жолдон кармап алып кетишкен. Алар Портер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен келе жатышкан. Буга байланыштуу укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөрдөн кийин алар бошотулган.
Ал эми Тажикстан Республикасынын 2 жараны Ак-Сай айыл ичинде жөө баратып, өз алдынча байкоо жүргүзүп кыргыздардын намысына тие турган сөздөрдү айтышканда, Баткен районунун Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары кармап алышкан. Кечээ, 17-май саат 22:30га карата Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланган.
Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Тажикстандын Согди облусунун губернатору эки өлкөнүн күч органдарынан турган өкүлдөр менен биргеликте жолугушуу өткөргөн. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кармалган Кыргыз жарандарын сабаганга тиешеси бар адамдарды Тажикстан Республикасынын мыйзамынын негизинде жоопкерчиликке тартууну макулдашты.
