super.kg logo

Жалпы республикалык тесттен өтүү үчүн 42 миң 817 бүтүрүүчү катталды

 

Жалпы республикалык тесттен өтүү үчүн 42 миң 817 бүтүрүүчү катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпы республикалык тесттен өткөрүүгө жетиштүү деңгээлде даярдык көрүлдү.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова азыр окуучулардын, алардын ата-энелеринин жана жакындарынын өмүрү, саламаттыгы баарынан маанилүү экенин белгиледи. “Пандемия шартында Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүдө балдардын ден соолугунун коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штаб тарабынан сунушталган эрежелер сакталып, санитардык талаптардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алынат", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: