super.kg logo

Депутат Тиллаев Баткенге макам берүү боюнча: "Өзүбүздү ошол жерде жашагандардын ордуна коюп көрөлү"

 

Депутат Таабалды Тиллаев Баткенге макам берүү боюнча кандай иш-чаралар болорун көрсөтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Эл айтып жаткандай, өкмөт Баткенге өгөй баласындай мамиле кылып жатат. Баткенге өзгөчө макам берүү боюнча айыл, токой жана суу чарба министрин баяндамачы кылып жазып коюпсуңар. Жыйынга министрдин орун басары келди. Макамды аталган министрлик чечип калдыбы? Мындай мыйзам кабыл алгандан кийин кандай иш-чаралар болорун көрсөтүп кетишибиз керек. Чек арага жакын аймактар макам алган учурлар бар. Мыйзамда каралганы менен бир тыйын дагы колдоо жок. Биз азыркы күндө губернаторду күчтөнтүп элдин кыжырын келтиребиз. Кечээ дагы жарандарыбыз тажик тараптан барымтага алынды. Ошол жерде жашаган адамдын ордуна өзүбүздү коюп көрүшүбүз керек. Макамга жараша элге колдоо көрсөтүү керек. Салыктык жеңилдик дейбиз. Ал жакка бирөө жарым ишкерлик ачабы, ачпайбыз белгисиз. Чек ара макамын алгандарга жөлөк пулду берип, пенсиялардын көлөмүн көбөйтүү шарт", - деди Тиллаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.05.2021. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура айтыптыр,чек араны чечип тосуп,азыртан колго алып бардык условия жашоо шартын озгортуш керек.Алар уже стресс болуп,бизнес кылмак тургай жашагысы да келбей калды ал жерде.Дагы ушинтип созуп журо берсенер,алар да уйлорун таштап келе берет ал жакта жашоодон умут узуп
18.05.2021. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура,элге колдоо керек. Мисалы менда чек арага жакын жашаймын 500метр аралыгыбыз. Уже колум ишке барбай калды. Уй жайымды сатып кетким келбейт. 4 бала мн. Биринчи очиретте бизге тосуш кк чек араны тактап. Болбосо сатып кетем дегендер чекеден чыгат азыр. Баарыбыз эле сатып кете берсек . Кандай болот билбеймин. Тез арада зым мн болсода тосуп салыш кк и все!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: