super.kg logo

Канада бийлиги "Кумтөр" компаниясын убактылуу сырткы башкарууга өткөрүү чечимине сарсанаа болуп жатканын билдиришти

 

Канада бийлиги "Кумтөр" компаниясын убактылуу сырткы башкаруу чечимине сарсанаа болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу Канаданын Тышкы иштер министрлигине таянуу менен чет элдик басылмалар жызып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно жана Кичи бизнес, экспортту өнүктүрүү жана эл аралык соода министри Мэри Нг биргеликте төмөнкүдөй билдирүү жасашты.

"Канада Кыргыз өлкөсү инвестициялык өнөктөш болгону үчүн тоо-кен тармагындагы окуялардын өзгөрүп жатканына кабатыр болууда. 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кабыл алынган "Кумтөр" компаниясынын сырткы башкаруу чечимине таң калууда. Ошондой эле кыргыз тарап канадалык компанияны жана анын эл аралык активдерин ачык көзөмөлдөөгө милдеттүү. Бул чет элдик инвестицияга терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Мындан сырткары чет элдик инвесторлор менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы бул талаш эки тараптын биргеликте иштеп, ачык-айкын чечилбегендигине Канада дагы нааразы.

COVID-19дан кийин экономиканы калыбына келтирүү ачык-айкын жүргүзүүнү талап кылат. Кабыл алынган чектөөлөр эл аралык соодада жана чет элдик инвестициялар, ошондой эле кыргыз элине терс таасирин тийгизип калышы мүмкүн", - деп жазылат билдирүүдө.

Маалымат үчүн:

Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өтүп, анда "Кумтөр" маселеси талкууланды. Депутаттар министрлер кабинетине "Кумтөрдү" убактылуу башкарууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.05.2021. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коркута бербесинчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: